AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Бөлөмдүн бул сөзүнөн кийин аракты таштап

Бөлөмдүн бул сөзүнөн кийин аракты таштап, жаңы жашоо баштадым

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Апам чалды. «Бөкүштү (аты өзгөртүлдү) скорый алып кетти! Тез кел!» Достор менен сайрандап отургам. Кантип жетип барганымды билбейм. Операцияга алып кирип жатышыптыр. Адаттагыдай кызуу элем. Мени көрүп сүйүнүп кетти.

— Баары жакшыбы? Эмне кишини коркутуп?

— Баягы эле ашказан да. Эгер аман калсам, болду жаңы жашоо баштайм. 

— Баягыда эле баштайм дебедиң беле?

— Мунусунда точно баштайм.

Бүгүн кыркылыгы. 

Боз үйдүн түбүндө башымды жерге салып отурам. Экөөбүз качан жолукпайлы, сөзүбүздүн аягы «жаңы жашоо баштайм» деп бүтөт эле. Бирок, сөзүбүзгө турбайт элек. Мына минтип, жашаганга жетишпей калды. 

Өзүмө канча жолу сөз бердим. Ичимдиктен алыстайм, алыстайм деп. Жок, аялым менен ажырашуу дагы жашоомду бура албады. 

Мен эле эмес, баарыбыз ошондой экенбиз. Чынбы? Моюнга алгыла… Өмүрүбүз күтүү менен өтөт тура. Балдар чоңойсун анан дейбиз, кредит бүтсүн анан дейбиз, үй бүтсүн анан дейбиз, машина алалы анан дейбиз… Аягы жок.

Бүттү. Карыганда деле токтотпойт экенбиз. Оорум бүтсүн анан дейбиз. Небере чоңойсун анан дейбиз… Аягы жок.

Качан! Качан жашайбыз. Ошентип өтүп кетет турбайбызбы. Анан деген сайын бүтпөйт тура. 

Башымды мыкчып ыйлап жаттым. Анан деп жүрүп жашоого жетишпей калган бөлөмдү эстедим. Көрсө учур менен жашаш керек тура. Нан жок болсо дагы, кара чай ичип сүйүнүп, жамгырдан ырахат алып, азыркы, бүгүнкү күн менен жашаш керек тура. 

Жакындарым аман. Алар менен сүйлөшүп, азыр жашаш керек тура. Мен азыр жашоону чечтим. Баягы мен жок. Мен өзгөрдүм. Бөлөмдөй болуп жашай албай калгым келбейт. 

Ар бир күнүмдөн ырахат алам. Балдарым менен көп сүйлөшчү болдум. Туугандарга жакындадым. Атүгүл Актөшкө дагы убакыт бөлө баштадым. Жөн гана анын башын сылап койгондо сүйүнөм. Мен азыр жашап калдым. Бир келчү жашоомду, анан менен бүтүргүм келбеди. Толтура майда нерселер бар экен. Мен дем ала баштадым. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Мурунку жигитим күйөөңдү ташта, эки балаң менен өзүм багып алам дейт

Жигитим аялы экөөнө бала төрөп беришимди өтүндү

Баламды циркке алып баргандын ордуна, кир жууганым үчүн өкүнөм

Нике түндө күйөөм менин эмес апасынан койнунда уктады

Кайын энесине «апа» деп кайрылгысы келбеген кыздын баяны

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

17 ноября, 2025
3.2k

Коммуникация - адамдын жашоосунун бардык тармактарынын негизи болуп саналат. Заманбап дүйнөдө "коммуникация" түшүнүгү ар кандай чечмеленет, бирок акыр-аягы барып бул адамдардын ортосундагы маалымат алмашуу процесси экенине алып келет. Психолог Елена...

Кийинки макала
Организмде суунун жетишсиздигинен бул оорулар пайда болушу мүмкүн

Организмде суунун жетишсиздигинен бул оорулар пайда болушу мүмкүн

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.