AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Бир кызым менен келин кылып алган кайын энеме рахмат

Бир кызым менен келин кылып алган кайын энеме рахмат

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир келиндин баянын жарыялайбыз. Эскертүү, каармандардын аты өзгөртүлдү.

— Эмне эле кыйналып жатасың? Бир нерсе айтайын дедиң беле?

— Ооба, неме, кандай десем, ошо, тиги бар го…

— Кыйнап жибердиң, болчу!

— Менин жубайым болчу…

Чөнтөгүнөн шакек алып чыкты. Кыялымдагыдай жөнөкөй шакек экен. Сунган колун ары түртүп туруп чуркап кеттим.

Кыш болчу. Тайгаланганыма карабай тез-тез басып баратам. О кудай, суранам, артымын келбесе экен! Шап токтотуп өзүнө бурду. Бышылдап мурдумду тарттым. Кучактады. Кармана албай ыйлап жибердим. “Мен сени сөзсүз бактылуу кылам” деген сайын шолоктойм. Басылдым. Шакегин алып колума тактым.

“Апа, бейсең, бейсең!” Үч жаштагы кызым шакегимди көрүп булдуруктап жатты. Эх, бала да. Эч нерсе түшүнгөн жок. Аркы бөлмөдөн апам чыгып колумду карады.

— Макул болдуңбу?

— Ооба.

— Өзүң билесиң да.

— Апа.

— Оу.

— Мен коркуп жатам.

— Мен дагы.

Биринчи турмушумдан жаңылып калгам. Сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Аябай кызганчаак эле. Той бүтөрү менен кол көтөрдү. Кечирим сурганынан кечирдим. Үч айлык боюмда барда, көк ала кылып сабап салды. Кетип калдым.

Апам кыздуу болгонун сүйүнчүлөп чалса, “ал меники эмес” деп трубканы басып коюптур.  

Экинчи күйөөгө тийбейм дегем, бирок Сейит оюмду өзгөрттү. Кызым аны көрөрү менен “Ата!” деп чуркап чыкты. Сейит чачынан сылап “кызым” дегенде тоңуп калган жүрөгүм эзилди.

Көшөгөдө отургам. Терезе ачык болчу. Сыртта иче-карын жууп жаткан аялдардын үнү угулуп жатты. “Ай, мурда ажырашкан турбайбы”, “бир эрден чыккан бекен”, “соо эмес бирөөгө”, “кыязы, күйөөсү кетирген окшойт”, “кызын эмне кылат экен”, “биздин баланын башын айлантып алды да”, “күнөө өзүндө болсо керек” ж.б.

Ыйлап отурсам кайын энем шорпо көтөрүп кирип келди. Баарын түшүндү окшойт, “азыр кызым” деген бойдон чыгып кетти. “Ай, уятыңар барбы! Ооба, балам ажырашкан аялды алды. Анын эмнеси бар экен? Мен кайра ушундай келиндүү болгонума бактылуумун. Эмне дүйнө жүзү боюнча менин эле келиним ажырашыптырбы? Өзүңөрдү көрүп алып, анан бирөөнү сындасаңар! Же ар бирөөңөрдүн күйөөңөр кандай экенин айтайынбы? Келиним жөнүндө дагы бир нерсе деп көргүлө, эмне кылар экенмин! Тур, үйүңөргө жөнөгүлө, рахмат жардамыңарга!» Аялдар эжелеп эле кечирим сурап калышты. Жашымды сүртүп, мурдумду тартып, шорподон ичтим.

Уулума суктанып, төрөтканада жаткам. Бир шар учуп келип терезеге тийди. Сыртты карасам, Сейит, кайын энем жана кызым үчөө кол булгалап жатышыптыр. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Бул окуядан кийин күйөөмдү сүйбөй калганымды билдим

Бул окуядан кийин күйөөмдү сүйбөй калганымды билдим

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.