AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Бир күйөөдөн чыкканымды билсе эле эркектердин оюу бузулат

Бир күйөөдөн чыкканымды билсе эле эркектердин оюу бузулат

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул айымдын катында ажырашкандан кийинки жашоосу тууралуу айтылат. Эскертүү: каармандардын аты өзгөртүлдү.

Майрам: күйөөдөн чыкканымды билишкенде эле ойлору бузулат

Ажырашкандан бери той-топурга же отуруштарга бара албай калдым. Эркектер мени башкача карап, айрымдары ачык эле көңүл ачып келүүнү сунушташат.

Күйөөм менен алты жыл бирге жашадык. Жубайлардын көз карашы төп келбесе жаман экен. Өзүбүздүкүн берчү эмеспиз. Акыры чыр-чатактан тажап, тынч эле эки жолго түшүүнү чечтик. Уулубуз бар. Мени менен турат. Атасы дем алыш күндөрү алып кетет.

Кызык, ажырашкан келиндерди эмне үчүн жеңил ойлуу дешет? Же өзүм көз кысып тийишсем бир жөн.

Күйөөдөн чыкканымды билишкенде эле ойлору бузулат. Кайдагыларды жазып, көңүлүмдү оорутушат.

— Чакырса барып кое бер.
— Эмне деп жатканыңды түшүнүп турасыңбы?
— Эми, ажырышкандан кийин каалаганыңды кылсаң болот дейм да.
— …

Жакындарым ушинтип жаткандан кийин башкаларды айтпай эле коеюн. Туугандарым менден кадимкидей уялышат. Чогуу бир жакка барчу болсок, “күйөөдөн чыкканыңды айтпа”,-деп алдын ала эскертип коюшат. Өз атым унутулуп, “баягы Калимандын бир эрден чыккан кызы” аталып калдым.

Күйөөм баламды алып кеткени келди. Кызыгып, “сени элдер аял алып кетирген деп жатышабы” десем, “жок”, — деди.

Жакында бир жигит менен таанышкам. Артыман калбай ээрчип жүрчү. Макул деп бир-эки жолу киного барып койдум. Көп өтпөй үйлөнүү сунушун киргизе баштады.

— Менин балам бар, ажырашкам.
— Койчу.
— Ооба.
— Анда, мындай эле чогуу жашай берсек болот экен да.
— Жакшы кал.

Сыртынан карганда билимдүү жигит көрүнөт. Андан бул нерсени күткөн эмесмин. Тамашалап койгом деп жазып тынчымды алып жатат. Менин азыр тамаша көтөрө турган убагым эмес.

Ар кимдин сөзүнө басынып кадимкидей чүнчүп кеттим. Жашоомдун кызыгы жоголуп баратат. Мен дагы турмуш куруп, бактылуу болгум келет. Бирок, бул оюм оңунан чыкпачудай. Эмне үчүн ажырашкан аялды жеңил ойлуу дешет?

Адис эмне дейт

Мария Самсонова, психолог

Саламатсызбы! Кыязы сиз ажырашкан аял деген жаңы статусуңузду кабыл алалбай жатасыз, ошондон улам, бүт дүйнө сизге каршы чыккандай туюлууда. 

Сиз өз алдынча, бойго жеткен айымсыз жана эч кимден уруксат сурабай эле, каалашыңызча тойлорго, отуруштарга бара аласыз, ушул эле учурда бирөөнүн да сизди айыптыганга укугу жок.

Сиздин азыркы мүмкүнчүлүктөр турмуш кура турган кыздын мүмкүнчүлүктөрүнөн айырмаланып турат. Сиздики көп, мисалы, ким менен жана качан жолугушууну, кайда барууну же барбоону өзүңүз тандайсыз. 

Эркектин бирге туруу сунушунан жаман бир нерсе көргөн жокмун, себеби бул жөн гана варианттардын бирөөсү жана жеңил ойлуу кыздарга гана туура келбейт. Заманбап жашоодо ажырашпаган, абдан уяттуу аялдар өзүнүн сезимдерин жана өнөктөшүн текшерип көрүү үчүн, алгач  чогуу жашап көрүүнү тандашат.

Сиздин артыңызда ийгиликсиз бир нике бар, эмне үчүн дагы ойлонбой туруп күйөөгө тийүүгө шашыласыз?

Ал мырза бул сунушу менен сизди мазактоону каалаган эмес экенине ишенем, бирок, сизде ички өзүн-өзү кабыл алуу жок болгондуктан, ыза болууну тандадыңыз. Эгер чогуу жашоо баалуулуктарыңызга карама-каршы келе турган болсо, бул тууралуу шеригиңизге жөн гана айтып коюу жетиштүү.

Биринчи кезекте, ички конфликтти тартипке келтирип алуу керек. Жан дүйнөңүздө гармония болуп, өзүңүздү жаңы статуста кабыл алганда гана, сырттан да бааары өз ордуна келет. 

Ажырашуу — бул бир окуянын аягы жана жаңы окуянын башталышы! Өзүңүздүн баянды эркин жана жеңил жазыңыз! 

Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Той өткөргөн кошунам 125 литр шорпосун көчөгө төгүп коюптур

“Казаныңдын карасы кантет” дегеним үчүн келинимден кечирим сурадым

Апамды жамандасам, чоң энем «биздин каныбыз» деп бетимден өпчү

Башкалардын аялына суктанып жүрүп, чүрөктөй келинчегимден ажырадым

Атам апамдын тузу өткөн тамагын мактап жейт

Уулду болгум келип кыздарыма жакшынакай ат койбогонум үчүн өкүнөм

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Чоң апам атамдын жаназасында эч кимди өкүртпөй койду

Чоң апам атамдын жаназасында эч кимди өкүртпөй койду

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.