AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Ажырашкан келиндер бактылуу болбойт деп жаңылыпмын. Жаш келиндин баяны

Ажырашкан келиндер бактылуу болбойт деп жаңылыпмын. Жаш келиндин баяны

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир айымдын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. 

Мектептин алдыңкы окуучусу элем. Узун бойлуу, ак жумал, көп жигиттерди кызыктырган сулуу кызмын. Шаар четиндеги айылда турабыз. Өзүмдөн үч жаш улуу Тилек деген айылдаш жигит менен сүйлөшүп жүрчүмүн.

Ал мага чоң оюнчуктарды, таттууларды берсе сүйүү ошол экен деп ойлоптурмун.  

11-классты бүтүп шаарга келдим. Артыман чуркаган татыктуу жигиттер көп болчу. Оюмда шаарга келсем Тилек менен сүйлөшпөйм деп жүргөм. Мамилебизди үзө албадым. Экөөбүз күн алыс жолуга турган болдук.

Мен жашаган үйдүн жанында курулуш жүрүп жаткан. Күзөтчү бир жигит бар эле. Бир күнү эшикке чыксам сиңдим экөө урушуп жатыптыр. Экөөнү бөлүштүрүп, таанышып калдык. Мирланды ошондо биринчи жолу жакындан көрдүм. Кийин иним экөө дос болуп кетишти.

Мирлан студент экен. Сабактан кийин иштеп жүрүптүр. Кийин мен эмес, иним менен тең экенин билип калдым. Көрсө мени жактырып калып, жашын жашырып коюптур. Жигитим бар экенин угуп аябай капа болгон.

Тилекке турмушка чыга турган болдум. Туугандарыма сүйүнчүлөсөм эмнегедир кубанышкан жок. Апам такыр кайгырды, ошондо эле жүрөгү бир нерсени сезсе керек. Атүгүл, Мирлан угуп алып туура эмес тандоо жасаганымды айтты. Эжем күн чсайын эмнесин жактырдың деп таң калып жүрдү.

Тилектин апасы жок, чоң атасынын колунда чоңойгон жетим бала. Өңү серт болсо эмне экен, өзү жазап алыптырбы деп боор тартаар элем. Сулуу кыз болсом, туугандарым күйөөмдү башкача элестетишкен окшойт. А мен үчүн байлык же өң-келбет эмес, мага болгон сыйы маанилүү эле. Ошентип, Тилек атама мени окута турганын айтып, сөйкө салып алып кетти.

Кайын энем өгөй болсо дагы сонун киши. Карындашы менен иниси жеңелешип жанымдан кетпейт. Шаардан айылга баратып, кайын атам менен кайын энеме белек алганды унутпайт элем. Экөөнүн сүйүнгөнүн көрсөң, бактылуу болосуң. Бирок, Тилек апасына белек беренимди жактырбайт эле. “Менин башыма ошол жоолук салган”,-деп болбой алып жүрдүм.

Тилектин жоруктары башталды. Далайына чыдадым. Күн сайын ар кимге кызганып уруш чыгарат. Окуумдун акчасын төлөй албай, университеттен айдалып кеттим.

Бир жакка кетип жатып мени үйгө кулпулап коер эле.

Бир күнү айылга чөп чапканы кетти. Демейдегидей мени кулптап койду. Кеткенине үч күн болуп калган. Суу өчүп калды. Айла жок, терезеден чыктым. Суу көтөрүп келатып кошуна байкенин окуучу баласына жолугуп калдым. Ал жардамдашып суумду көтөрүп алды. Алыстан Тилектин машинасы көрүндү. Андан кийин эмне болгонун айтпасам дагы түшүнүктүү. Кол көтөрдү. Кабыргам сынды. Анда дагы чыдадым.

Баш кошконубузга жарым жыл болду. Тилектин анык жүзү көрүндү. Иштебейт.  Батир акысын төлөй албай көчөдө калдык. Ишенесиңерби, апамдарга эч нерсе айтчу эмесмин. Баары жакшы деп мактап кана турчумун.

Шаарда атам биз үчүн алып койгон үй бар эле. Ошол жерге көчүп бардык. Ал жерде студент иним жашачу.

Инимден күйөөмдүн кылыгы үчүн далай жолу уялдым. Акыры Тилек экөөбүз катуу урушуп кеттик. Үйдөн кетип калды. Эки ай күтүп жашадым. Бирок, ал үчүн мен эмес, достору маанилүү эле.

Стресс болуп катуу ооруп калдым. Сулуулугумдан эч нерсе калган жок. Акыры ата-энем чындыкты билди. Улуу байкем врач, ошол мени бутума тургузду. Ошентип бир жылга жетпей ажыраштым.

Тилекке көп жолу барып жарашалы деп сурандым. Анткени, ал учурда ажырашуу уят эле. Ажырашкан келинди киши өлтүргөн кылмышкердей карашчу. Уялып эшикке чыкпай калдым. Кайын энеме чалып болгонун айтып бердим. Алар, “биздин балабыздан кеткенин билебиз, сен бактылуу бол кызым”,-деп батасын беришти.

Эжемдин сөзү эсимде: Бир жаман адам үчүн ушундай болуп калышың керек беле. Кебетеңди кара. Апам сени ажал менен алышып төрөдү. Анан эмне үчүн апам же атам үчүн эмес, ошол келесоо үчүн чөгөсүң.

Ошондо көзүм ачылды. Жаңы жашоо баштоонун чечтим.

Бир күнү интернетке катталдым. Сүрөтүмдү киргизерим менен каттар келе баштады. Арасынан сүйүктүүмдү таптым. Жолугууга чакырган. Сүрөттөрүнөн анча эместей көрүнгөн, барсам келишимдүү жигит экен.  Аны менен жолукканда чыныгы сүйүү эмне экенин билдим.

Сүйүктүүмө мурунку турмушумду айталбай убара болуп жүрдүм. Кайрадан жаңылып калуудан корктум. Ал үйлөнө элек, а мен турмуш көргөм деп ага өзүмдү ыраа көрбөй баштадым. Акыры номерин блоктоп жок болуп кеттим. Инимдин телефонун билет эле. Ага чалганда ала качып кетишти деп айттырып койдум.

Ажырашканыңды билген эркектер төшөккө тартат деген ой башымдан кетпей койду. 

Ал мени ала качып кетти дегенге ишене албай инимди жолугууга чакырыптыр. Иниме жагып, ал калп экенин айтып коюптур. Эртеси жумуштан келатсам алдыман тосуп алды. Коркуп кеттим. Болгон чындыкты айтып бердим. Ага татыктуу эмес экенимди кошумчаладым. Баса, келбетиме кызыгып төшөккө тартат болушу керек деп ойлогонумду дагы жашырбадым.

Ал менин колумду акырын кармап, “сен мага татыктуусуң, жердеги канаты жок периштемсиң”,-деп кучактап, көз жашымды аарчыды. Баш коштук.

Сүйгөнүм жанымда уктап жатат. Эрте туруп алып аны карап жата бермей адатым бар. Азыр мен мээримдүү эне, эң бактылуу жубаймын. Бул үчүн күйөөмө рахмат.

Бир эшик жабылса, экинчиси ачылат. Ар бирөөбүз бактылуу болгонго татыктуубуз. Менин айтарым, силерди сыйлабаган, сүйбөгөн, барктабаган адамга байланып жүрө бербегиле. Жашоо бир келет. Бактылуу болуу бир гана өзүңөрдөн.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Аялым апама бакырып жатса унчукпай карап турдум

Аялым каза болгондон кийин эч ким эмес экенимди түшүндүм

Кайын энем “жеңеңер кызматчыңар эмес” деп мени коргоп балдарын урушат

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Кайын энеме баламды таштап кетсем көргөзбөй жатат. Эмне кылсам болот?

Кайын энеме баламды таштап кетсем көргөзбөй жатат. Эмне кылсам болот?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.