AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Аялымдын менден башка дагы күйөөсү бар экен деп ойлогом

Аялымдын менден башка дагы күйөөсү бар экен деп ойлогом

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир күйөөнүн катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Мен кинодогудай бир окуяга туш болгом. Азыр эстеп каткырам. Ошол убакта үйгө жеткиче шашкам. Анда, силер дагы окуп, бир күлүп алгыла.

Командировкага шаарга кеткем. Ал жакта бир айдай болдум окшойт. Азыркыдай кол телефон жок. Почтага барып, үйгө чалып кабар алам. Аялым жаңы эле төрөгөн болчу. Балам экөөнө кабатыр болуп, тиги жарып берип кеткен отундарым жетет бекен деп уктабай чыгам. Айылга жөнөй турган кишилерди издеп, тапкан тыйындарымды берип жиберем.

Ал убакта автобустар каттайт эле. Түнкүсүн жолго чыктым. Ичи толтура эл. Артта бир орун бош экен. Барып отурдум. Бир жигит уктап келатыптыр. Отурсам ойгоно калды. Учураштык. Жолду кыскартып сүйлөшө кеттик.

— Кайда баратасың?

— Командировкам бүтүм айылдагы келинчегиме жөнөдүм.

— Аа жакшы. Мен дагы айылдагы сүйгөнүмө баратам.

— Сүйгөнүм дейсиңби?

— Ооба, жакында үйлөнөбүз. Баласын өз баламдай кабыл алам. Мен аны ушунчалык жакшы көрөм.

— Баласы барбы?

— Ооба, ажырашкан. Мен өзүм аны баркына жеткенге аракет кылам. Айдайымды сүйөм.

— Айдай? Менин келинчегимдин аты дагы Айдай.

— Меники мугалим болуп иштейт. Сеникичи?

— Мугалим болчу. Азыр үйдө бала менен.

— Экөөбүз бир ай мурун таанышканбыз. Кой тиги дүкөндөн түшүп, Айдайыма таттуу алып алайын. Макул.

— Макул.

Ишенгим келген жок. Бирок, менин келинчегим болуп калсачы деген ойлор келе баштады. Кызгандым. Ыйлагым келип үйгө жеткиче шаштым. Келсем, бешиктеги балам менен келинчегим уктап жатыптыр. Ох, дедим дагы сыртка чыктым. Дарбазаны кулптабай чуркап кирдим эле. Көчөдөн тиги жүргүнчү өтүп баратат.

— Сен бул үйдө жашайсыңбы?

— Ооба.

— Менин сүйгөнүм тиги ылдыйдагы айылда. Дагы көп басам. Макул.

— Макул.

Эшикти жаап алып каткырып кирдим. Эртең менен аялыма айтсам анын дагы боору эзилди.

Азыр үч баланын ата-энесибиз. Командировкага кетип баратканда аялым өткөндү эстетип тамашалап калат. Мен дагы тамашалап, азыр антип шашып келбейм деп коем. Бултуңдап чыгат. Бетинен өбөм. Заматта таарынычы тарайт. Айдайым менин.  

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитимдин бул сөзү үчүн тоюбузду токтотуп, чакырууларды кайтарып алдык

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Кредит алып карызга батпайм десеңиз

Кредит алып карызга батпайм десеңиз, бул кызыктуу тесттен өтүңүз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.