AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Аялымды сөккөн досторумдан кол үзүп салдым

Аялымды сөккөн досторумдан кол үзүп салдым

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Үйлөнгөнгө чейин кудайдын куттуу күнү досторум менен чардап жүрчүмүн. Үйгө таңкы саат төрттө келем. Оозуман тамеки түшпөйт. Колумда ар дайым пиво же энергетик. Жарытып тамак ичпейм. Күн сайын бильярдка, мончого барабыз же “пивнойдо” футбол көрүп отурабыз. Ден соолук деген нерсе менден эбак эле кеткен.

 “Уулум, айлана-чөйрөң жакшы эмес”, — деп, ата-энем кабатыр. А менин көзүмдү май баскан. Эртең менен тура албай калгандыктан, үч-төрт жолу жумуштан айдалдым. Анда деле мурдумду балта кеспейт.

Бир күнү катуу ооруп төшөккө жатып калдым. Баягы досторумдун аягы суюлуп баштады. Бир-экөө келип акыбалымды сурап кетишти. Калгандары чалып койгонго жарабай, смс жазышты. Ватсаптагы группадан чыгарып коюшуптур. Онтолоп төшөктө жатсам бирөөсү келип карызын доолап кетти. Ушундай …

Төшөктө жатып өзүмдү ушунчалык жалгыз сездим. Ооба, ата-энем жанымда. Бирок, мага дагы бир адамдын колу керек болуп жатты. Айыксам эле үйлөнөм дедим.

Аида мага укол сайып жаткан Тамара эженин сары кызы. Ал да апасы сыяктуу медайым. Көк көздөрү менен мени караганда өзүмдү жоготуп коем. Чын, көздөрү башкача көк.

Үйлөндүм. Мага эмне болгонун билбейм, бирок кадимкидей өзгөрө баштадым. Тактап айтканда, Аида мени өзгөртө баштады. Жумушум бүтөөр менен үйгө шашам. Жолдон келатып нан-пан алып алам. Күн сайын ата-энеме чалып акыбалын сурайм, муну да келинчегим эскертип турат. Дем алыш күндөрү достор менен мончого барбастан, жубайым менен киного же кафеге барып тамактанып келебиз.

Жубайым жашоодо көп сонун жана таза нерселер бар экенин  көрсөттү. Ага болгон сыйым күн сайын артып барат.

— Дос, сага эмне болду?

— Бизден качып эле калыпсың. Аялыңдын такасынын алдына кирип кеттиңби?

— Жок, болгону мен күйөө болдум. Силер менен жолугам, эгер…

— Жанагы аялың э…, аял экен.

— Мен кеттим.

— Тамаша, токто!

Келинчегим досторуң менен жолукпа дебейт. “Үйгө чайга чакыр” деп эле турат. Болгону убакыт баарын иргеп койду.  Азыр айланамда жүз эмес, бир-эки эле досум калды, үй-бүлөбүз менен катташабыз.

Ал эми, “сени багынтып алды” деп аялымды сөккөн досторумдун баарынан кол үздүм. Менин тандоомду колдобогон, эң жакын адамыма жаман сөз айткан достордон жакшылык күтүп болобу?

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Алты кыздын атасы болгондон бери уктабай калдым

Кызымды күйөөсү менен жаныма алып калганыма өкүндүм

«Калың бербейт экенсиң» деп кызымдын жигитин кууп чыкканыма өкүндүм

Кыздуу болгондон кийин аялымды сыйлап калдым

Таенеме жашоодон тажадым десем, сабиз, жумуртка алып чыкты. Сабак болчу окуя

Биринчи этек кирим келгенде апам ким менен жаттың деп урган

Депутат байке окууга өткөрөм деп алдап кыздыгымдан ажыратты

Кайын энем күйөөмдүн турсийин өзүм жууйм деп талашат

Аялымды каалабай калдым деген эркектер сөзсүз окушу керек

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Эмне үчүн телефон карагандан баш ооруйт?

Эмне үчүн телефон карагандан баш ооруйт?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.