// //

Көз мончок коргойбу?

2018.01.18, 10:31
3749

Иниме дайыма көз мончок тагып коюшат, жаман көздөрдөн, сөздөрдөн сактайт деп. Чын эле ошондойбу?

Мончок тагуу элибиздин адаты, салты болуп калган десек жаңылбайбыз. Мончок тагуунун эч кандай зыяны жок, пайдасы бар. Болгону мончок сактайт деп билүү, ишенүү жаңылыштык. Бир гана кудай сактайт деп ишенишибиз абзел. Кээ бир жаман көздүүлөр бар, балага алардын көзү тийип калышы мүмкүн. Мончок болсо жаман көздөрдү өзүнө бурат, ошонун негизинде терс энергиянын текке кетишине себепкер болуп берет. Мончоктун ошондой кызматы бар экени айгине. Андыктан, мончок таксак дагы Жараткан Аллах гана коргойт, сактайт деп ишенип, андан гана жардам сурап дуба кылалы.

Апам каза болуп калган, атам 2 кызы бар эжеге үйлөндү. Мен бул көрүнүшкө көнө албай аларга эч нерсени ыраа көрө албай жатам. Мындай өзүмчүлдүк адаттан арылуунун жолу барбы?

Өзүмчүлдүк акырындык менен жок болуп кетүүчү ички сезим. Бардык нерсе Жараткандын тагдыры менен болооруна жана тагдырдагы биз туш болгон ар бир нерседе Алла Тааланын жакшылыгы, бизге болгон тарбиясы жаткандыгын сезип, башкача айтканда жашообуздагы ар бир нерсени жакшылыкка гана жоруй билсек көп нерсе өзүнөн-өзү чечилип калат. Жараткандын каалоосу менен өгөй болсо да энелүү, башка атадан болсо дагы 2 бир туугандуу болдуңуз. Муну Жараткандын белеги катары билүү - өзүмчүлдүктөн кутулууда сиздин алгачкы кадамыңыз болот деп ишенем. Бардык нерсе өтөт-кетет. Ал экөөнө жакшы мамиле жасап татыктуу эже-сиңди боло билсеңиз сизден өткөн бактылуу адам болбойт. Жараткан апаңызга акыреттин жакшылыгын насип кылсын! Туура чечим кабыл алып, бактылуу болуңуз!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт