Дубайга барып иштегим келет
Курулуш тармагында окуйм , ушул жылы бүтөмүн. Дубайга барып иштегим келет . Кандай кылып кетсем болот? Кесибим боюнча иш тапсам болобу?
Мамлекеттик миграция кызматынын астындагы Маалыматтык-консультациялык борбору
Калкты жумушка орноштруу борбору менен Дубайдын «ArakManagementConsultancy & HumanResourceManagement» компаниялары ортосундагы келишимге ылайык жарандарды жумушка орноштуруу мыйзам ченемде жүргүзүлүп келет.
Дубайга жумушка орношууну каалаган жарандарга болгон талаптар:
- Англис тилинде эркин сүйлөө
- Тейлөө кызматында иштөө тажрыйбасы
- Жакшынакай өң-келбет
- Коммуникабелдүү жана жоопкерчиликтүү
- 20-35 жашка чейин. (Жумуш берүүчүлөргө жараша жаш курак өзгөрүлүшү мүмкүн)
Эгерде жогорудагы талаптарга жооп берсеңиз, биздин борборго келип, каттоодон өтүңүз.
Керектүү документтер:
- Чет жакага чыгуучу паспорттун түстүү көчүрмөсү
- 4*6 өлчөмүндөгү 2 сүрөт
- 9*12 өлчөмүндөгү бүткүл тулку боюңуз түшкөн бир сүрөт, электрондук варианты дагы керектелет.
- Анкета толтурасыз
- Англис тилиндеги резюме
- Каттоо төлөмүн төлөдү деген квитанция
Кененирээк маалыматты Маалыматтык-консультациялык борборунунhttp://oec.kg, миграция кызматынынhttp://kg.ssm.gov.kg/сайтынын алсаңыздар болот.