Жыныстык кошулууга барганда ичим ооруйт
Мен жыныстык катнашка барганда 2-3 мүнөттөн кийин ичим ооруп баштайт, ичегилерим жабышып калгансып, кулдурап баштайт. Ичимдин ылдыйкы тарабы 2 күнгө чейин оорутат. Үйлөнүп, бирок такыр жыныстык жашоосу жок жашасам зыяны жокпу, аялым таарынып калабы деп корком.
Нурлан Тагайбеков
Уролог
Эркектердин жыныстык катнаш учурунда ичинин оорутуп жатканынын себеби, заара чыгаруучу каналдарды жана жыныстык мүчөнү сезгенткендигинен. Гонорея, хламидиоз, кандидос сыяктуу инфекциялар болушу мүмкүн. Ошондой эле жыныстык катнаш учурунда ич простатит, эркектин урукту суулап туруучу безинде шишиктин пайда болуусунан дагы оорутат. Себептери абдан көп. Алардан жыныстык катнашка барбай коюу менен гана арылып калбайсыз. Учурунда дарылабасаңыз, кийин балалуу болууда көйгөйлөр жаралат. Андыктан тезинен урологго кайрылып, анализ тапшырыңыз.