// //

Боюмда бар, циститмин.

2018.03.01, 09:13
1713

Мен турмушка чыканыма 7 ай болуп калды. 6 айлык боюмда бар. Үч, төрт айында цистит болдум. Гинекологго көрүнүп, дары, ийнелерди алдым. Бирок кээде заара кылып бүткөндөн кийин аябай ачышат. Чыдабай калам, эмне кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.03.2018, 09:14

Бактыгүл Абдраманова

Гинеколог 

Ар бир айым боюнда болгон учурда жашаган жери боюнча каттоого алынат. Андан кийин ар түрдүү анализдерди тапшырат. Ошол анализдердин ичинде заара БАК деген бар. Бирок бул анализ айыл жергесинде көбүнчө тапшырылбай калат. Дал ушул анализдин жыйынтыгынан кош бойлуулук учурунда козголчу белгисиз бактериурия деген нерсе билинет. Бул кичине инфекция болсо эле козголо берет. Эгерде сизде цистит туубаса болсо, же убагында цистит болуп ооруган болсоңуз алардын баары кош бойлуулукта сыртка чыгат. Себеби кош бойлуулук барын козгоочу мезгил. Өз алдынча дары колдонбоңуз. Балага терс таасирин берип коюшу мүмкүн. Гинекологго барсаңыз ал сизге уролого багыттама жазып берет. Ал жактан УЗИге түшөсүз, зара анализин тапшырып кайрадан дарылоо курсун аласыз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт