Этек кирим 2 жылдан бери бузулуп жатат
2018.03.01, 09:10
949
Мен 20 жаштамын. Менструалдык цикл келүүсү 2 жылдан бери бузулуп жатат. Бир жылда 2-3 жолу келбей калат. УЗИ “гиперплазия эндометрия жана жумурткалардын гормоналдык дисфункциясы ” деп чечим чыгарган. Эмне кылсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.03.2018, 09:16
Бактыгүл Абдраманова
Гинеколог
Циклдын бузулуусу гиперэстрогенемиянын эсебинен болуп жатышы мүмкүн. Ошондой эле жумурткалардын поликистизу деген дагы бар. Сизди көрүп, текшермейин бир нерсе деп айтууга болбойт. Этек кир келгенде кан көп келиши мүмкүн же аз дегендей. Андыктан сиз УЗИ жыйынтыктарын алып, гинекологго кайрылыңыз. Убагында дарылабаса, кийин турмушка чыкканда көйгөйлөр жаралат.
0
Пайдалуу жооп