// //

Сиңдимдин эпилепсиясы күчөп жатат

2018.02.28, 11:17
1312

Менин сиңдим 19 жашта. 3 жашынан бери эпилепция деген оору менен ооруйт. Ошондон бери атамдардын барбаган молдосу, дарыгерлери калбады. Көпчүлүк молдолор алдап кетти. Мына ушундан улам үмүтүбүз дагы үзүлүп калгандай. Улам оорусу күчөп, катуулап бара жатат. Эмне кылсак болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
28.02.2018, 11:23

Сулайманова Жазгүл 

Невролог

 

Сиңдиңизди текшерип, анализдерин көрмөйүн бир нерсе деп айтууга болбойт. Дарыгерлер эпилепсия деп чечим чыгарса, анда ал акыркы диагноз болуп саналат. Эпилепсия дарты аныкталганга чейинки карышуулар болсо башка оорунун белгиси болгондуктан, эпилепсия болуп эсептелинбейт. Эпилепсиянын түрлөрү аябай көп. Андыктан сиңдиңизди неврологго алып барыңыздар. Мээсин текшерүүгө алып, элекетроэнцефалограммасын (ЭЭГ) жасагандан кийин гана, кайсы түрү экени билинет. Анан түрлөрүнө жараша атайын дары-дармектерди жазып беребиз. Эгерде жазып берген дарыларды убагында ичип турса таасир берет. Бирок айта кетейин эпилепсиянын оор түрүнө чалдыккандарга таасир бербей коюшу дагы мүмкүн. Андыктан ата-энеңизге айтып, молдо, бакшыларга эмес, неврологго кайрылгыла. Дарыгердин айтканын аткарып, өз убагында дары ичип турса, эпилепсиядан сакайып, нормалдуу жашоого кайтып келсе болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт