// //

Жигиттерди жактыра албай калдым

2018.02.28, 01:10
1321

Мен 23 жаштамын жигиттерди жактыра албай койдум. 1-курс болгонумда бир жакшы көргөн дос балам бар эле, ошол убакта жаркылдап күлүп, шайыр-шатман жүрчүмүн. 2-курсту бүткөнүмдө ал бала үйлөнүп алды, ошондон бери аны көрсөм кыйналам, ыйлагым келет. Көпчүлүк убакта окууга баргым да келбейт. Көчөгө чыксам адамдарды жаман көрөм, жииркенем. Ошондон бери бир дагы бала жакпай койду, бирөө менен сүйлөшсөм 10 күн эле мамиле кыла алам, андан кийин жакпай калат. Курбу кыздарым көп болчу адамдар жакпай калгандан кийин мамиле кылгым келбей калды, жалгыз калдым. Эң кыйыны жалгыз жашагандан ырахат алып жатам, келечекте турмушка чыккым дагы келбей жатат,  жалгыздыкты суйуп калдым эмне кылсам болот? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт