Жигиттерди жактыра албай калдым
2018.02.28, 01:10
1417
Мен 23 жаштамын жигиттерди жактыра албай койдум. 1-курс болгонумда бир жакшы көргөн дос балам бар эле, ошол убакта жаркылдап күлүп, шайыр-шатман жүрчүмүн. 2-курсту бүткөнүмдө ал бала үйлөнүп алды, ошондон бери аны көрсөм кыйналам, ыйлагым келет. Көпчүлүк убакта окууга баргым да келбейт. Көчөгө чыксам адамдарды жаман көрөм, жииркенем. Ошондон бери бир дагы бала жакпай койду, бирөө менен сүйлөшсөм 10 күн эле мамиле кыла алам, андан кийин жакпай калат. Курбу кыздарым көп болчу адамдар жакпай калгандан кийин мамиле кылгым келбей калды, жалгыз калдым. Эң кыйыны жалгыз жашагандан ырахат алып жатам, келечекте турмушка чыккым дагы келбей жатат, жалгыздыкты суйуп калдым эмне кылсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.