// //

Мектептин программасын көп учурда түшүнбөй калат.

2018.02.24, 22:10
633

Менин карындашым бар, жашы 11де. Абдан жай ойлонот, мектептин программасын көп учурда түшүнбөй калат. Сабактан келгенден кийин, кечке жүрө берет, кийимин алмаштырбайт айтмайынча. Айтсаң да 30-40 мүнөт кийинет, өз алдынча эч нерсе кыла албай жүдөй берет. "Мен кайсы кийимимди кийем, эмне кылам" деп. Бул кызды эмне кылса болот? Канткенде жакшы тарбия бере алабыз? Атасы жок, апасы жумушта бир күн кечке.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.02.2018, 22:11

Бермет Наралиева

психолог

Карындашыңдын маселеси анын темпераменти менен байланыштуу болушу мүмкүн. Жай ойлонгону анын жеке жана типтүү өзгөчөлүгү менен байланыштуу. Сен айткан өзгөчөлүктөр меланхолик тибине тиешелүү касиеттер. Карындашыңдын темпераменттик касиеттерин эч качан өзгөртө албайсың. Кандай болсо ошондой калыбында, туура кабыл алып, ага колдоо көрсөтүшүң керек. Ал өзүн күчтүү, баалуу, бирөөгө керек экенин сезишине көмөк көрсөтүшүң абзел. Мүмкүнчүлүктөрун ишке ашырууга жардамдашып, күчтөндөрүп туруу жардамын берет. Менин божомолум боюнча карындашың өтө сезимтал кыз, али да өз күчүнө ишене албайт. Сен ата оордуна ата болуп, камкордук көрүп, сүйүү менен мамиле кылсаң, ошондо бир бооруң үчүн кылган аракетиңде сөзсүз натыйжа болот.Темперамент тууралуу көп окуганга аракет кыл, ансыз түшүнүү кыйын. Эгер окуганга желкең жар бербесе психологго кайрылып, өзүңдүн жана бир тууганыңдын темпераментин аныктап, пикир алышууңарды эффективдүү жыйынтыкка алып келүүгө болот. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт