// //

Катарынан төрөгөн эжемдей болгум келбей, контрацепция тууралуу изилдей баштадым

2023.07.27, 11:35
6774

Салам, достор! Биз эмчек эмизүү учурунда айымдар коргонуу каражаттарын кантип колдонушканы тууралуу окуяларды топтоп чыктык. Баштан өткөн бул окуялар силерге пайдалуу болот деп үмүттөнөбүз.

Курбуларым ишенгениме өкүнөм

"Бат-баттан и узак эмизсең, боюңа бүтпөйт." Мен курбуларымдын ушул сөзүнө катуу ишенгем. Аттиң, жаңылыпмын. Эизүү учурунда бойго бүтпөйт деп угуп келгем, бирок бул ар бир адамга ар кандай иштейт экен. Төрөттөн кийин үч ай өттү. Жыргап эле жүргөм. Гинекологдун кабинетинде шок болуп отурдум. Балдарымдын ортосу бир жаш. Ооба, катарынан чоңоюп жатат. Бирок, бул аябай кыйын экен. Депрессияда болуп чыктым. Азыр курбуларым "эмчек эмизгенде бойго бүтпөйт" дешкенде, күлкүм келет. 

Эжемдин кебетесин көрүп өзгөрдүм

Эжемдин беш баласы бар. Аралыктары бир же эки жаш. Эжем кебетесинен кеткен, көп ооруйт. Ар дайым чарчап жүрөт. Аны көрүп алып, биринчи баламды төрөгөндөн кийин гинекологго чуркап баргам. Кандай коргонуу каражаттары бар десем, мени мактап, көп айымдар бул суроо менен кайрыла бербешин айтты. Мени текшерип, мага ылайыктуусун жазып берди. Азыр жүрөгүм тынч. Буйруса тыңып алып, даяр болгондо экинчисин пландайм. 

Презервативден башкасы барбы?

Эмчек эмизип жаткан айым гормоналдык таблеткаларды ичсе болбойт деп ойлогом. Төрөттөн кийин дароо коргонуу каражаттарын издей баштадым. Гинекологго барып, презервативден башкасы барбы сурадым. Таблетка жазып берейин дегенде, болбойт да дедим. Ал баарын түшүндүрүп берип, ар бир айымга ылайыктуусу болорун айтты. Аябай сүйүндүм. Азыр таблетка ичем. Баары сонун. Болгону ар бир мифке ишене бербей, адиске эле бир басып барып коюш керек экен.

А сиз эмчек эмизүү учурунда кантип коргонгонсуз?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт