// //

Чоң адамдын ичинде курттар бар экенин билдирген 3 белги

2023.07.27, 09:55
12671

Салам, достор! Бүгүн бизде кезектеги сонун маалымат. Тишин кырчылдатат, ичи өтөт, табити жоголот - бул белгилер кичинекей баланын ичинде курттар бар экенинен кабар берет. А чоң адамдарда кандай белги болот? Келиңиз карап көрөлү.

Анус кычышат

Ооба, адатта нормалдуу эле жүргөнсүз. Акыркы убактарда арткы тешигиңиз кычышып жатканын байкайсыз. Бир кычышты. Токтоп калат деп ойлогонсуз, бирок күчөй баштады. Демек, ичиңизде курт болушу мүмкүн. 

Арыктоо

Нормалдуу эле тамак жейсиз. Бирок, күндөн күнгө арыктап баратасыз. Улам-улам ачка болосуз. Анын үстүнө териңиз да бозоруп, ооруп жаткандай көрүнөсүз. Салмактан арылганыыңызга сүйүнбөй, тезинен курттарга анализ тапшырыңыз.

Ич катуу

Ичиңиз катат. Же болбосо өтөт. Газ толуп да кыйнайт. Кускуңуз келет. Жүрөгүңүз айланып зарна болосуз. Бул белгилер таанышпы? Анда чыдап отура бербестен курттарга да анализ тапшырып коюшуңуз керек.

Курттар ички органдарды канчалык активдүү жабыркатса, белгилери ошончолук айкын боло баштайт. Көбүнчө курттар адам үчүн уулуу заттардын калдыктарын бөлүп чыгарышат - бул интоксикация жана диареяны пайда кылат.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт