Бул 4 белги башкаларга караганда ийгиликтүү экениңизди билдирет
Күнүмдүк турмушта тытынып жүрүп негизги нерсени унутуп, өзүбүздүн ийгиликтерибизди байкабай калабыз. Ошол учурда кошунабыздын чөптөрү биздин короодогуга караганда жашылдай көрүнө баштайт. Бүгүн сиздин ийгиликтүу экениңизден кабар берген белгилер тууралуу сүйлөшөбүз.
Жумушуңуз жагат
Миллион сом таппасаңыз да, жумушуңуз сизди чындап бактылуу кылат. Миңдеген адамдар күн сайын жек көргөн жумушуна жөнөшөт, ошол эле учурда абалды өзгөртүү үчүн эч нерсе жасашпайт. Эгер сиз кыялыңыздагы жумушту тапкан болсоңуз жана эртең менен жумушка баруу үчүн жакшы маанай менен ойгонсоңуз, анда өзүңүздү ийгиликтүү адам деп эсептей бериңиз.
Жумуш менен жеке жашоонун балансын тапкансыз
Кеп жумуш жөнүндө болуп жаткандыктан, жеке жашоого да кайрыла кетели. Эртең менен офиске, кечинде үйгө сонун маанай менен баргыңыз келгени, жеке жана кесиптик ийгилигиңиздин бир бөлүгү.
Артыңыздан айтылган сөздөргө баары бир
Башка бирөөнүн оюна көз каранды болуу алсыздыктын жана өзүнө ишенбөөчүлүктүн белгиси. Өз жөндөмүнө ишенген адам ал жокто айтылган сөздөргө маани бербейт. Андыктан, ушак-айыңдар сизге өтпөсө, чыдамкайлыгыңызга көз артуу гана калат!
Тобокелчиликке баруудан коркпойсуз
Ийгиликтүү адамдар жаңы идеяларга жана коркунучтуу авантюраларга ачык. Алар идеялары ишке ашпай калат деп коркпойт. Бул дагы бир жолу аракет кылуу үчүн шылтоо. Көбүнчө бийик максаттарга – кыялкечтер жана энтузиасттар жетет.
Кайсы бири тааныш экен?