// //

Саргаят, сынат. Тырмактын грибок оорусу тууралуу факттар

2023.06.08, 12:14
2156

Тырмактарыңыздын ​​өңү өчүп, саргайып, катмарга бөлүнө баштадыбы. Балким, анда грибок бар. Республикалык тери-венерология борборунун директорунун орун басары Айбек Асанов бул оору тууралуу маалымат берди.  

- Тырмак грибогу жугуштуу оору. Түсү өзгөрөт: ак же сары боло баштайт. Тырмактын пластникасы катмарларга бөлүнө баштайт. 

- Убакыттын өтүшү менен башка тырмакка өтүп, жабырката баштайт.

- Дүйнө калкынын 10-12% бул оору  менен жабыркайт.

- Көбүнчө тыкыс бут кийим кийгендер, бут кийими өйкөгөндөр, ар дайым өтүкчөн жүргөн аскер кызматкерлери сыяктуулар  жабыркайт.

- Ар кайсы жерден жуктуруп алса болот. Мисалы, банядан, бирөөнүн бут кийимин кийип көргөндөн дегендей. 

- Тырмак пластникаларын дарылоо системалуу түрдө болот. Мазь, кремден тышкары, узак убакытка чейин препараттарды ичиш керек. Дарылоо узак болот.

- Дарылабай жүрө берсе, түсү өзгөрөт, кабаттанат, сынат, башкаларга жугат, өтүшүп кетсе, басканда, бут кийим кийгнеде ыңгайсыздык жарата баштайт. 

- Оорунун алдын алуу - жеке гигиена: бутту жууп, байпактарды алмаштыруу керек. Сапаттуу бут кийим кийүү сунушталат, булгаарыдан болгону жакшы. Башка бирөөнүн бут кийимин кийбеш керек. Коомдук мончого барып калганда, аргасыз ал жактагы бут кийимди кийүүгө мажбур болгондо грибокко каршы мазь сүйкөө сунушталат. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт