// //

Боюнда бар экенин билген айымдар бул нерсени жасаш керек

2023.05.03, 12:15
2696

Келиңиздер, кош бойлуу экениңизди билгенден кийин эмне кылуу керектигин акушер-гинеколог Гүлзина Мадраимова менен бирге билип көрөлү.

  1. Тест жасаңыз, кан тапшырыңыз

Кош бойлуулуктун алгачкы жана негизги белгиси – этек кирдин кечигүүсү. Мындай учурда кош бойлуулукту аныктоо үчүн тест жүргүзүү керек. Дарыкандан тест сатып алып, эртең мененки заарага малыңыз. Бир канча убакыттан кийин тестте пайда болгон таякчанын санынан боюңузда барбы же жокпу биле аласыз. Эки таякча-кош бойлуу, бир таякча- эч кандай кош бойлуулук жок экендигин көрсөтөт.

Тест кош бойлуу эмес экендигиңизди аныктаса, бирок айыңыз кечигип жатса анда венадан хориналдык гонатропинге (HCG) кан тапшыруу керек. Кандагы айтылуу гормон кош бойлуу учурунда кескин өсөт. Андыктан бул ыкма кош бойлуулуктун алгачкы диагнозун аныктоодо абдан ишенимдүү.

Көптөгөн аялдар кош бойлуулукту аныктоо үчүн УЗИден экспертиза жасатышат. Бирок УЗИден 4-6 жумадан баштап өтсө болот. Эгерде мөөнөт мындан кичине болсо, тест ыкмасын тандаганыңыз туура.

  1. Каттоого туруңуз, анализ тапшырыңыз

Кош бойлуу экениңиз аныкталгандан кийин, жашаган жериңиз боюнча бейтапканага каттоого турасыз. Дарыгер каттоого алып жатканда колуңузга өтүшүңүз керек болгон анализдердин тизмесин берет. Алар:

  • Гемоглобинге кан анализи;
  • Кан тобу жана резурс фактор;
  • Белокка заара анализи;
  • Бактериуриянын скрининги;
  • Вагиналдык мазок;
  • ВИЧ жана өнөктөшүнүн ВИЧи;
  • RW (сифилис);
  • HbsAg ( мүмкүнчүлүккө карап);
  • Кызамыктын антителолору үчүн скрининг;

Ден-соолугуңузга байланыштуу, кошумча анализ тапшырып калышыңыз мүмкүн.

  1. Текшерүүдөн өтүңүз

Кош бойлуу төмөнкү адистердин кароосунан өтөт:

  • Терапевт
  • Окулист
  • Отоларинголог
  • Тиш доктур
  • Ошондой эле ЭКГ жасатуу керек.
  1. Витаминдерди ичип баштаңыз

Бойго бүткөндөн баштап төмөнкү дарыларды ичип турасыз:

  • 400 мг фолий кычкылдыгы-бир күндө бир жолу.
  • 200 мг калий йод- күнүнө бир таблеткадан, баланы эмчектен чыгарганга чейин.
  • 60 мг элементтик темир-кан аздуулукка каршы.

Бул үч дарыны төрөгөнгө чейин ичүү сунушталат. Кошумча оорулары бар болсо, адистер текшергенден кийин гана дары-дармек жазылып берилет.

Боюнда бар аял милдеттүү түрдө айына бир жолу гинекологго келип турат!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт