Сатып алган товарыңыз жаман болуп чыкса, бул аракеттерди жасаңыз
2023.05.01, 12:20
1472
Сапаты начар же техникалык талаптарга жооп бербеген товар сатып алганда эмне кылуу керек? “Адилет” юридикалык клиникасы керектөөчүлөрдүн укуктары боюнча мыйзамга ылайык, сиз товарды кайтарып берүүгө укугуңуз бар экенин айтып берди.
Муну кантип жасоо керек?
- Биринчиден, сиз сатуучу менен байланышышыңыз керек.
- Сиз товарды окшошуна алмаштырууну же акчасын кайтарып берүүнү талап кыла аласыз.
- Эгерде товарды кайтарууну чечсеңиз, сатуучу сиз төлөгөн бааны толугу менен кайтарып бериши керек.
Сатуучу товарды кайтарып алуудан баш тартса эмне кылуу керек?
- Укугуңузду коргоо үчүн мамлекеттик органдарга же сотко кайрылсаңыз болот.
Товарды кайтаруу үчүн белгилүү бир шарттар аткарылышы керек экенин эстен чыгарбаңыз:
- товар бузулбашы керек;
- товардын сатылып алынгандыгын тастыктаган квитанция же башка документ болушу керек.
Сиз мындай жагдайга туш болдунуз беле?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.