Үй сатып алып жатканда эмнеге көңүл буруш керек?
2023.05.01, 11:38
1740
Саламатсызбы! Үй сатып алып жатканда эмнеге көңүл буруш керек? Кандай документтерди караш керек?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.05.2023, 11:38
Айтолкун Мусаева
Адвокат
Саламатсызбы! Бул суроолорду тактап чыгыңыз. Үй сатып жаткан адам, ошол үйдү сатканга укугу барбы? Кыймылсыз-мүлктүн ээси болуп документке жазылганбы? Паспорттору, документтери барбы? Никеси расмий түрдө катталган болсо, жубайынын уруксаты барбы? Үй арестте эмеспи? Ушунун баарын текшерүү керек. Сатып алган мүлкүңүздү мамлектет каттоодон сөзсүз өткөрүү зарыл. Эгер мүлктүн тарыхы таза болсо, дароо каттап беришет. Укуктук маселелери бар болсо, сиздин атыңызга каттап бербейт.
0
Пайдалуу жооп