Балам өзүнө ишенген адам болуусун каалайм. Эмнелерди жасашым керек?
2023.04.24, 12:31
1206
Саламатсызбы! Балам өзүнө ишенген адам болуусун каалайм. Кантип тарбия берсем болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.04.2023, 12:31
Зарина Усупова
Психолог
Балаңыз өзүнө ишенген болуусун кааласаңыз, биринчи кезекте ата-эне өзүңүз өзүңүзгө ишенген адам болушуңуз керек. Баладан бир нерсени талап кылардан мурун, ал талапка өзүбүз жооп беришибиз зарыл экенин унутпаңыз. Баланы жазалап, кол көтөрүп, урушкандан алыс болуу кажет. Анткени, бала кичинесинде анализдей албай, ата-эненин айтканын түз кабыл алат. Баланы мактаңыз, бирок аша чаппаңыз. Ошол эле учурда ишеним артуу керек. Урушканда тентектик кылган жоругун айтыңыз, өздүгүнө өтпөңүз. Ар дайым аны жакшы көрөрүңүздү, ишенериңизди айтып туруңуз.
0
Пайдалуу жооп