// //

Күйөөм ЗАГСты бербей жатат. Кантип алимент өндүрөм?

2023.04.24, 11:25
1387

Саламатсызбы! Мен 19-жаштамын, азыркы учурда 1,5 жашар балам менен байкемдин үйүндө жашап жатабыз. Жолдошум менен ажырашып кеткенбиз. Жолдошумдан эч кандай жардам жок. Мен эч жерде иштебейм. Алиментке тапшырайын десем ЗАГС керек болот экен. ЗАГСты жолдошум мага бербей жүрөт. Эмне кылсам болот? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.04.2023, 11:26

Жаңыл Алымкул кызы

Юрист

Саламатсызбы!

Балага алимент өндүрүү үчүн ата-энесинин нике күбөлүгүнүн болуусу шарт эмес. Башкысы баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө атасы деген графада атасы көрсөтүлгөн болсо жетиштүү.

Эгерде сизге сөзсүз түрдө эле нике күбөлүк керек болуп жатса, анда Калкты тейлөө борборуна (ЦОН) барып дубликатын чыгартып алсаңыз болот.

Юрист Жаңыл Алымкул кызы менен инстаграмдагы @lawyer.janelle баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт