Айыз учурунда ак агынды келет. Бул нормабы?
2023.04.24, 10:54
1149
Саламатсызбы! Айыз учурунда ак агынды келет. Жыты жок бирок. Бул нормабы же анализ тапшырып коюшум керекпи?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.04.2023, 10:56
Мээрим Макамбаева
Гинеколог
Саламатсызбы! Адатта, кындан агындынын келип туруусу нормалдуу болуп эсептелет. Бирок, агынды ак түстө, жыты жок болушу керек, кээде гана кычкыл жыттанышы мүмкүн. Агынды овуляция болгон учурда кичине көбөйүп калат. Бул учурда дагы норма. Эгерде агынды кытышуу, ачышуу менен коштолуп келсе, анда сөзсүз анализ тапшыруу керек.
Мээрим Макамбаева менен @dr.makambaeva_kg инстаграм баракчасынан байланыша алабыз.
0
Пайдалуу жооп