// //

Себепсиз ыйлай берем

2018.02.21, 09:53
1074

Жашым 13 тө. Себепсиз ыйлай берем. Өзүмдү өлтүрүүгө аракет жасайм. Колдорумду кесем. Билбейм эмнеге бирок жашоодон тажадым. Бирок атам жок. Ушул себептен болуш керек жана бир туугандарым жок ошол себептен ыйлайм. Ал эми өзүмдү өлтүрүүгө аракет жасаганым, мугалим эжейим бетиме чапкан болчу, ошол себептен. Жана дагы ушул мугалимдердин урганга укугу барбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
21.02.2018, 10:09

Ильдар Акбутин

Психолог

Ыйлоо, өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасоо себепсиз болбойт. Бул нерселер сиздин жан дүйнөңүздө оору бар экенин айтып, жакындарыңыздын, психологдун жардамы жок ал оорудан арыла албай турганыңыздан кабар берет. Мен сизге терең кайгырам, жана эгерде шаарда болсоңуз, менин консултацияма келсеңиз, арзандатууларды кылып, жардам берем.

Укук коргоочу Рита Карасартова:

Мугалим балага кол көтөрүүгө укугу жок. Эгер мугалим жүйөөлүү себеп менен мыйзам чегинде урушса албетте угуп кою керек. Жөн эле угуу эмес, ошол сөздөн жыйынтык чыгара алсаңар анданда жакшы болот. Эгер мугалим кандай бир чектен чыгып жатса ата-энеңизге айтып, мектептин директоруна арыз жазып, далилсиз урушуп, кайра-кайра кыйкырып жатканын айтуу керек.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт