// //

Алып баруучу болгусу келгендерге Айзада Жамгырчиевадан кеңеш

2023.04.19, 17:45
758

Салам, достор! Алып баруучу, тамада, актриса, ырчы, айтор көп таланттын ээси  Айзада Жамгырчиева алып баруучу болгусу келген жаштарге кеңеш берди. Пайдалуу маалыматты сактап алыңыз. 

Каалоо

Бардык нерсе каалоодон башталат. Андыктан, алып баруучу болом дегендерде, алгач каалоо болушу керек. Каалоо жок бир нерсеге жетүү абдан кыйын. Жан дүйнөң менен сүйгөн гана кесипти аркалоо керек. 

Аракет

Эч токтобой аракет кыла бериш керек. Аракет бир учурда ташты жарып чыгат. Бир учурда мага бирөө "2 миллион катталуучуң, хейтерлериң болот" дей турган болсо ишенбейт элем. Мына, аракеттин аркасы менен түшкө кирбеген нерселер болуп жатат. 

Сүйүү

Мен акча же бийиктик күткөн жокмун. Жумушумду тек гана сүйдүм. Ага берилүү менен мамиле жасадым. Ар бир эфирге, долбоорго бүт жан дүйнөмдү арнадым. Кийимиме, тамагыма акча жетсе бактылуу болуп жүрө бердим. Мына эми, ак эмгегимдин үзүрүн алып жатам. Чын дилиңден сүйгөн кесиптен гана ийгилик жарата аласың.

Изденүү

Алып баруучу болом дегендерге айтарым, изденгиле, токтобогула. Көп окугула, көп билим алгыла. Бир орунда турбаш керек. Алдыга, жаңы мүмкүнчүлүктөргө умтулгула. Силердин колуңардан баары келет. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт