Алып баруучу болгусу келгендерге Айзада Жамгырчиевадан кеңеш
Салам, достор! Алып баруучу, тамада, актриса, ырчы, айтор көп таланттын ээси Айзада Жамгырчиева алып баруучу болгусу келген жаштарге кеңеш берди. Пайдалуу маалыматты сактап алыңыз.
Каалоо
Бардык нерсе каалоодон башталат. Андыктан, алып баруучу болом дегендерде, алгач каалоо болушу керек. Каалоо жок бир нерсеге жетүү абдан кыйын. Жан дүйнөң менен сүйгөн гана кесипти аркалоо керек.
Аракет
Эч токтобой аракет кыла бериш керек. Аракет бир учурда ташты жарып чыгат. Бир учурда мага бирөө "2 миллион катталуучуң, хейтерлериң болот" дей турган болсо ишенбейт элем. Мына, аракеттин аркасы менен түшкө кирбеген нерселер болуп жатат.
Сүйүү
Мен акча же бийиктик күткөн жокмун. Жумушумду тек гана сүйдүм. Ага берилүү менен мамиле жасадым. Ар бир эфирге, долбоорго бүт жан дүйнөмдү арнадым. Кийимиме, тамагыма акча жетсе бактылуу болуп жүрө бердим. Мына эми, ак эмгегимдин үзүрүн алып жатам. Чын дилиңден сүйгөн кесиптен гана ийгилик жарата аласың.
Изденүү
Алып баруучу болом дегендерге айтарым, изденгиле, токтобогула. Көп окугула, көп билим алгыла. Бир орунда турбаш керек. Алдыга, жаңы мүмкүнчүлүктөргө умтулгула. Силердин колуңардан баары келет.