Кыздарга барып сүйлөшсөм бир нерсем кемип калабы?
Саламатсызбы! Мен чынында чыныгы сүйүүнү эңсейм. Бирок кыздарга өзүм барып сүйлөшсөм, бир нерсем кемип кеткендей сезилет. Эмне үчүн түшүнбөйм. Эмне кылсам болот?
Зарина Усупова
Психолог
Саламатсызбы! Кыздарга өзүңүз барып таанышканды кандайдыр бир деңгээлде кемсинүү катары кабыл алганыңыз өкүнүчтүү. Бул нерсе өзүнөн өзү пайда болбойт. Балким бул нерселер себепкер:
- ийгиликсиз тажрыйбаңыздан улам өзүңүздү кармап, таанышканга жол бербейсиз
- же өзүңүздүн жеке сапаттарыңыз ушундай( түнт, уялчаактык)
- ата-энеңизден алган бир 2установкалар" себепкер
- кыз сөзсүз түрдө сизден баш тартып коет деген коркунучтар болушу мүмкүн.
Сиз айтып жаткан сапат ушу адекватсыз (төмөн, жогору) өзүңүздү жогору баалап, астына таанышып баруудан өзүңүздү кемиткениңиз деп божомолдойт элем. Бул нерседен арылса болот. Психологго кайрылып кеңеш алууңузду сунуштайм.
Психолог Зарина Усупова менен инстаграмдан @Zarinausupova.psy баракчасы аркылуу байланыша аласыз.