// //

Отпускага чыга элегиме бир нече жыл болду. Илон Масктын цитаталары

2023.04.12, 15:23
492

Илон Маск космоско учуучу кемелерди курган SpaceX компаниясын негиздеген. Анын айтканына караганда келечекте компания жарандык космонавтика менен алектенет. Атактуу миллиардер, гений жана филантроптун цитаталарын окуп көрүңүз.

  1. Мыкты компанияны жаратуу даамдуу пирог жасаганга тете. Болгону, туура ингридиенттер тиешелүү көлөмдө керектелет.
  2. Оор жумушту ишке ашыруу үчүн көп кишини жумушка жалдоонун зарылчылыгы жок. Жумушчулардын көптүгү эч качан таланттын ордун баса албайт. Эч нерсе билбеген эки кишинин эч нерсе билбеген бир кишиден эмнеси артык?
  3. Биз ансыз деле киборгдорго айланып баратабыз. Телефон, компьютер - адамдын уландысы болуп калды. Биздин бири-бирибиз менен байланышыбыз сөз жана манжаларыбыздын жардамы менен жүрөт, бул өтө жай. Менин оюм боюнча, мээ өзү башкара турган интерфэйс төрт-беш жылдын ичинде пайда болот.
  4. Өмүрүмдүн калган бөлүгүн көл жээкте эс алып жатууга аргасыз болуу мен үчүн коркунучтуу түш сымал. Акылыман тайып, баңгизатын колдонуп баштамак болсом керек. Эриккенимен жанымды кечмекмин. Менин айланамда кыймыл болуп турганын сүйөм.
  5. Мен коркпойм деп айта албайм. Чынында бул эмоциянын менин жашоомдогу ордун кыскарткым келет. Себеби ал алаксытат жана нерв системасын алсыздандырат.
  6. Бизнести эң төмөнкү баскычтан баштап рынокко кирүү туура. Тескерисинче болгону кейиштүү.
  7. Генри Форд арзан жана ишенимдүү автомобилдерди жасаганда, элдер: “Жок, рахмат. Ат менен эле жүргөн оң”, -деп айтышкан. Ал тобокелдикке барып, ийгиликке жетишти.
  8. Эгер сенин миллиондогон долларларың болсо, жашооң түп тамырынан өзгөрөт, тескери айткандар калп айтышат. Стандарттуу жашоонун көз карашы менен алганда мен иштебей деле койсом болот. Бирок, билесиңерби, мен иштейм. Мен күндө иштейм. Дем алыш күндөрү да. Отпускага чыга элегиме бир нече жыл болду.
  9. Кымбат ракеталардын укмуш эч нерсеси деле жок. Болгону мурда аларды жасаган адамдар өтө эффективдүү эмес иштешкен.
  10. Мен ар дайым уккан нерсемдин чын же калп экенин билүүгө умтулуп келгем. Балким, кандайдыр бир башка жообу бар, деп изденчүмүн. Биринчи классыман ошондоймун. Ата-энемдин айласын кетирип, эч качан айтылганга дароо ишенчү эмесмин. “Эмне үчүн?” деген суроомо жоопту талап кылып, жооп алгандан кийин канчалык деңгээлде чын экенин текшерчүмүн.
  11. Мени билген адамдар мен жөнүндө жакшы ой-пикирде болушат. Мен аларды жумуштан кетиргенге чейин.
  12. Жумасына 80-100 сааттан иштеңиз. Ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгүңүз кыйла жогорулайт.

Сизге кайсы оюу жакты?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт