// //

Сиз бул 7 нерсени жасаганга милдеттүү эмессиз

2023.04.11, 08:26
908

Салам, достор! Бүгүн кезектеги сонун маалымат менен бөлүшөбүз. Бул нерселерди сиз деле билет болушуңуз керек. Болгону эсиңизге салып коюну чечтик. 

1. Сизден сурабаган же сизге тиешеси жок бир тема боюнча боюнча пикириңизди айтуу же жазуу, талашуу, өз оюңузду, көз карашыңызды бирөөгө таңуулоо. 

2. Башка адамдардын баркын кетирүү, баасын түшүрүү, алардын кылган эмгегин жокко чыгаруу, артынан айыптап, талкуулоо.

3. Нааразы болгон адамдардын ар бир сөзүн угуу, аларга боор оору, аларды сактап калыш үчүн аракет кылуу, алардын жашоосу менен жашоо. 

4. Кимдир бирөө сизге карыз деп ойлоо, же сиз бирөөгө бир нерсе карыз деп ойлоо. Ар дайым бирөөгө милдеттүүмүн деген сезим менен жашоо.

5. Бирөөнүн сизге жаман мамиле жасоосуна жол берүү, көңүлүңүздү калтырган адамга экинчи мүмкүнчүлүк берүү, каалабаган нерселериңизди жасап, баарына чыдап жашоо.

6. Өзүңүздү башкалар менен салыштыруу. Кылган эмгегиңиздин натыйжасы менен башкалардын натыйжасын салыштыруу. Аз нерсеге макул болуу. Ар дайым өзүңүздөн үнөмдөө.

7. Өзүңүздү башкаларга башкартуу, финансылык жактан бирөөгө көз каранды болуу. Бирөөнүн айтканын жасоо.

Бул нерселер сизге таанышпы?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт