// //

Канадада жашаган Айсулуу англис тилин кантип үйрөнгөнүн айтып берди

2023.04.10, 18:00
1221

Салам достор! Канаданын Монреаль шаарында жашап, финансы тармагында ийгилик жаратып келаткан мекендешибиз Айсулуу Алмаз англис тилин кантип үйрөнгөнүн айтып берет.  

  • Телефон, компьютер дегендердин тилин англисчеге студент кезде эле которгом. "Жаз", "оку", "чал" дегенден баштап бир топ сөздү дароо үйрөнсө болот.
  • Кино тасмалардын баарын алдындагы жазуусу (субтитр) менен көрөм. Netflix, Youtube’да дагы дээрлик баардык фильмди субтитр менен көрсө болот, ар кыл тармактан жаңы сөздөрдү дароо үйрөнөсүң.
  • Уккан ырлардын сөздөрүн таап, чогуу ырдап шар сүйлөгөндү үйрөнсө болот.
  • Азыр подкаст деген жакшы нерсе бар. Spotify музыка угуу аппликациясынан көп угам, ар кыл кызыктуу темаларда болуп тилден сырткары көп жаңы маалымат алса болот.
  • Youtube’да атайын подкаст каналдар көп, анан эң жакшысы баары бекер.
  • Жаңылыктарды көпчүлүгүн англисче окуйм. BBC’ни телефонго жүктөп алсаңар, бекер, пайдалуу ар кыл темада жаңылыктар, макалалар, видеолор көп.
  • Чоң адабий эмес мемуар жанрында жазылган китептерди окуйм. Көпчүлүгүн тилчилер эмес, бизге окшогон жөнөкөй кишилер жазганы үчүн, сапаттуу, жакшы жазылган блог окугандай болосуң.
  • Студент кезде практика кылуу максатында кыргыз достор менен да англисче жазышчубуз, сүйлөшчүбүз. Мисалы, курска барган жолдошторуңар менен сүйлөшүп алып, жалаң англисче байланышсаңар болот.
  • Былтыр французча үйрөнөм деп Duolingo деген тиркеме колдонгом, отуруп жазып окугусу келбегендер үчүн жакшы. Оюндарды ойноп жатып эле көп жаңы сөз үйрөнсө болот. Англисчесине катталып алып күндө ойносоңор болот.
  • Англисче сөздүк тиркемелерин телефонго жаздырып алуу (мисалы, google translate). Керек болгон сөздү дароо которо калганда көп учурда сөздөр эсте калат.
  • Соцтармактардан, мисалы инстаграмдан англисче үйрөткөн мугалимдердин баракчаларына катталып алып, күндө телефон ачкан сайын бирден болсо да видеолорун көрүп, көп сөз жана сөз айкаштарын жаттап алса болот. Эң жакшысы алар чындап күнүмдүк колдонгон тилди кыска жана оңой ыкмалар менен үйрөтөт.

Пайдалуу маалыматты таарыштарыңар менен бөлүшүп, англисче үйрөнүүсүнө жардамчы болгула.

 
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт