// //

Биринчи жолу айызы келген кыздарга гинекологдон 5 кеңеш

2023.04.06, 15:26
5279

Салам, достор! Гинеколог-эндокринолог Альбина Актанбекова биринчи жолу айызы келген өспүрүм кыздарга кеңеши менен бөлүштү. Баалуу маалыматты сактап алыңыз. 

Уялба

Айыз - бул ар бир кыздын организминдеги эң табигый процесс. Андан уялуунун кереги жок. Ооба түшүнөм, коркуп, баш аламандыкка чалдыгышың мүмкүн. Бирок, сенде баары жакшы болот. Айызың келди, демек ден соолугуңда баары жакшы. Эми, өзүңө туура жана толук кам көрө башта. 

Кабатыр болбо

Менструалдук цикл башында туруксуз болушу мүмкүн. Жаңы башталганда мындай көрүнүш нормалдуу эле болуп эсептелет. Бир калыпка келүүсүнө убакыт керек. Бирок, создуктуруп жибербе. Баары жакшыбы билип туруу үчүн гинекологдун көзөмөлүндө болгонду унутпа.

Көбүрөөк эс ал

Айызың келгенде өзүңдү көп кыйнаба. Уйкуга көбүрөөк убакыт бөлүүгө аракет кыл. Мүмкүн болушунча көбүрөөк суу ичип, кальцийи бар тамактарды көп жеп жүр. Бул ооруну басаңдатууга жардам берет. Жөө басып сейилдесең да болот. Мындай учурда бир аз да болсо сергип каласың. 

Катуу оорутса чыдаба

Айыз карышуу менен коштолушу мүмкүн. Бул айрым учурда нормалдуу. Бирок ал окууңа тоскоол болуп, чыдатпай катуу оорутса, ыкчам аракет көр. Жакының менен медициналык адиске кайрылып, кеңеш ал. Адис ооруну басаңдатуучу атайын дарыны жазып берет. 

OKY тиркемесин жүктөп ал

Айыз тууралуу буга чейин толук жана туура маалыматың жок болгон чыгар. Эми жакшылап баарын билүү керек. Сага жардамга OKY тиркемеси келет. Бул айызыңды көзөмөлдөөгө, ал тууралуу пайдалуу макалаларды окууга жардам берген сонун тиркеме. Аны интернетсиз эле, смартфондордун бардык түрлөрүнөн колдонсоң болот. Тиркемени  Play Market жана  AppStore көчүрүүгө болот.

Кеңештерге жүрөкчө койгонду унутпаңыз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт