Тиш пастаны кантип туура тандоо керек?
2018.03.29, 12:35
4162
- Эгерде тишиңизде кариес бар болсо, фтору бар паста алыңыз.
- Сиз жашаган аймакта суу фторлуу болсо анда пастанын фтор элементи жогун алыңыз.
- Сезимтал тиштерге курамында калийдин хлориди, калийдин цитраты, аргинин, стронцийдин хлориди, гидроксиапатит элементтери бар паста сунушталат.
- Эгерде тиш бүлөлөрү канаса анда антибактериалдык заттары (хлоргексидин же триклозан) жана дары чөптөрү (эхинацея, календула) бар паста туура келет. Мындай курамдагы пасталарды 3 жумадан ашык колдонбоо керек. Себеби алар ооздогу пайдалуу микрофлоралардын курамын бузат.
- Жаш балдарга эч качан чоңдордун тиш пастасын колдонууга болбойт. Себеби балдардын тиш эмалы жаңыдан өрчүп келе жатканына байланыштуу толугу менен минералдашпагандыктан, түрдүү механикалык таасирлер эмалды бузуп, сезимталдуулукту өрчүтүп, кариес жана клиновиддик деффектерди чакырат.
- Тиш пастанын баасы анын сапатынан кабар берерээрин унутпаңыз.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.