// //

Кыйынчылыктан корккуңуз келбесе, бул ыкманы колдонуңуз

2023.04.02, 16:06
3107

Ололо коворкинг сеттеринин негиздөөчүлөрүнүн бири Данияр Аманалиев кыйынчылыктан коркпош үчүн эмне кылса болорун  айтып берди.  Видеону толугу менен бул жерден көрө аласыз. 

Эмне үчүн тегеренип жаткан балеринанын башы айланбайт? Анткени ал бир точканы гана карайт. Денеси бурулганы менен, башын бир жерде кармап турат. Кармап туруу мүмкүн болбой калганда гана ыкчам бурулат. Анын фокусу ар дайым бир точкада. 

Менимче, бул баарыбыз колдонсок болчудай сонун ыкма. Жашообуз урап, пландардын орундалбай, кыйынчылык башка түшкөндө, башты бийик кармап турганга үйрөтөт. 

Мага дагы соңунда күтүп турган нерсеге фокус жасоо жардам берет. Мисалы, Ололого токтолсом, 10 жылдан кийин Ысык-Көлдө көчмөндөр үчүн шаарча курууга фокус алгам. Бул фокусту ар дайым көз алдымда кармап турам.

Алсак, сиз китеп окуюн дедиңиз. Алгач башкы каармандар менен тааныштыңыз. Анан акыркы барагын ачып, эмне болуп бүтөрүн билип алдыңыз. Китепти окуп баштадыңыз. Ал жерден каармандар кыйынчылыкка туш болгонун көрөсүз, бирок аягында баары сонун бүтөрүн билип алганыңыз үчүн капа болбой, кызыгуу менен ал абалдан кантип чыгарын күтүп турасыз. 

Биз менен дагы дал ушундай, компаниянын, же жашооңуздун, үй-бүлөңүздүн акыркы барагын билип, аны фокуска алып жашоо аябай пайдалуу. Бул нерсе учурда болуп жаткан кыйынчылыктан коркпой, аны кызыгуу менен кабыл алууга үйрөтөт. 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт