// //

Айыз келип жатканда бойго бүтөбү?

2023.03.28, 17:08
2320

Саламатсызбы! Айыз келип жаткан учурда бойго бүтүп калуу мүмкүнбү?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
28.03.2023, 17:10

Макамбаева Мээрим

Гинеколог

Уруктанбаган жумурткалар жарылганда айыз келет. Эгер дал ошол учурдагы айызды айтып жаткан болсоңуз, анда бойго бүтүү мүмкүн эмес. Ошондой эле, менструалдык циклиңиз 28 күн эмес, 20 же 24 күн сыяктуу кыска болсо, келип жаткан айыздын акыркы күндөрү катнашта болсоңуз, бойго бүтүп калуу ыктымалы бар. Себеби сперма жыныс кынында 7 күнгө чейин сакталат. Буга кошумча, кээде овуляция учурунда кан келип калат. Аны айыз деп ойлоп алган айымдар катнашка барганда, бойлоруна бүтүп калышы мүмкүн. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт