// //

Бул 3 себеп тааныш болсо, проктологго чуркап барышыңыз керек

2023.03.22, 16:39
2005

Проктолог геморрой менен гана алектенет деген түшүнүк туура эмес. Проктолог көтөн чучуктун, түз жана жоон ичеги ооруларын диагностикалоо жана дарылоо боюнч да адистешкен. Бүгүн биз сизге проктологго кайрылууга мажбур кылган себептер тууралуу айтып беребиз. 

Жашыңыз 50дөн ашты

Америкалык рак коомунун маалыматы боюнча, 50 жашка чыккандан кийин ар 10 жыл сайын проктологго барып колоноскопия жасатып туруу керек. Ден соолугуңуз чың болсо да, үй-бүлөңүздө жоон ичеги рагы менен ооругандар жок болсо да барыңыз. Бул жоон ичеги рагын алгачкы этапта аныктоого мүмкүндүк берет. Колоноскопия учурунда табылган шектүү полиптер рак оорусуна айланганга чейин жок кылынат.

Жакындарыңызда жоон ичеги рагы бар

Эгерде жакыныңдарыңызда жоон ичеги рагы бар болсо, сиз дагы жоон ичеги рагына чалдыгып калуу коркунучу астындасыз. Ошондуктан, скринингдик колоноскопия 40 жаштан баштап башталып, ар бир 3-5 жылда бир жүргүзүлүшү керек. Профилактика катары сөзсүз барып туруңуз. 

Ануста көйгөй бар

Эгер арткы тешигиңиз оорутса, канаса, кычышса, анда бир нерсе туура эмес. Сизде геморрой, аналдык жаракалар же башка бир нерсе бар-жогун аныктоо керек. Андыктан, өтүп кетет деп жүрө бербеңиз. 

Бул белгилер таанышпы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт