Атам ичет, жигитим ичет. Кантип нормалдуу эркекке жолугам?
2023.03.20, 12:44
1165
Саламатсызбы! Атам ичет, жигитим ичет. Кантип нормалдуу эркекке жолугам? Бул нерседен арыла аламбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.03.2023, 12:46
Зарина Усупова
Психолог
Саламатсызбы! Ичкен адамды - оорулуу адам деп кабыл алсак болот. Бул кандайдыр бир деңгээлде психологиялык көз карандылык. Аны дарыламайын эч өзгөртүү мүмкүн эмес. Ал эми нормалдуу адамга жолугуу үчүн психологго кайрылышыңыз керек. Анткени, баары балачактан башталат. Эркектин үлгүсүн атаңыздан алгандан улам, аң-сезимиңиз менен атаңызга окшош адамды тандайсыз. Бул жерде ата менен кыздын мамилеси изилденет. Адиске кайрылыңыз, сөзсүз жыйынтык болот.
Психолог Зарина Усупова менен инстаграмдан @Zarinausupova.psy баракчасы аркылуу байланыша аласыз.
0
Пайдалуу жооп