Эмчегимде шарик сымал бир нерсе пайда болду. Адистер жооп берет
Салам, достор! Бүгүн маммологго байлынышту суроолорго адистерден жооп алып бердик. Бул белгилер сизге да тааныш болсо, тезинен дарыгерге барыңыз.
Жакында эле бир эмчегим экинчисинен чоң болуп калганын байкадым. Мурда бир аз айырма болгон, бирок азыр ачык байкалып калды. Анын үстүнө менде гормоналдык бузулуу бар болчу. Эмне кылсам болот?
- Гормоналдык оорулар сүт бездеринин асимметриясына алып келиши мүмкүн. Өтө сейрек учурларда гана ассиметрия балалыктан пайда болушу мүмкүн. Мындай кырдаалда маммологго, балким, кийинчерээк пластикалык хирургга кайрылуу зарыл.
Көкүрөгүмдөн шарик сымал бир нерсени сездим. Эмне кылышым керек? Баламды эмизгениме бир жыл болду. Жакында эле, эмчегимдин терисинин астынан кыймылдаган кызыктай шарикти сездим. Бул эмчек эмизүүгө байланыштуу пайда болушу мүмкүнбү?
- Көкүрөктөгү бул "шарик" эмчек эмизүү учурунда пайда болушу мүмкүн. Бул жагдайда, көп кабатыр болбоңуз. Лактация мезгили аяктагандан кийин сүт бездерин УЗИге түшүрүп, маммологго кайрылыңыз. Көрбөй туруп кырдаалды баалоо кыйын.
Сол көкүрөгүм оорутуп, ал ийинге жана колго берип жатат. Абдан кызыктай болуп ооруп жатат, тартылышып. Эмне кылсам болот?
- Мындай кырдаалда невропатологго барып, көкүрөк омурткасын текшерүү керек. Мындай белгилер кабырга аралык невралгияда жана жүрөк патологиясында пайда болушу мүмкүн. Сиз ЭКГ жасашыңыз керек.
Ден соолукта болгула!