// //

Косметологиялык процедураларды билбегендер үчүн маалымат

2023.03.10, 11:22
4754

Салам, достор! Бүгүн силерге сонун маалымат менен бөлүшөбүз. Көптөн бери косметологго барууну пландап, бирок кандай процедура жасоону билбей жүргөн болсоңуз, бүгүн ошолордун айрымдарын айтып беребиз. 

Бетти тазалоо - теринин тибине жана андагы көйгөйлөргө жараша механикалык, аппараттык же аралаш тазалоо жүргүзүлөт. 

Үстүртөн пилинг - теринин үстүнкү чор болуп калган катмарын алып салуу процедурасы. Химиялык (кислота менен) жана лазердик аппараттык пилинг эң популярдуу болуп саналат. Үстүртөн жасалган пилингде, салицил кислотасы жана жеңил жемиш кислоталары колдонулат. Бул процедура теринин жаңылайт, жылмакай жана сергек кылат. Үстүртөн жасалган пилинг атайын даярдыкты талап кылбайт.

Орто жана терең химиялык пилинг - эпидермистин терең катмарларына, тирүү клеткаларга таасир этет. Бул процедура оорутушу мүмкүн, атайын даярдыкты, кээде реабилитацияны талап кылат. Пилинг канчалык терең болсо, реабилитациялык мезгил ошончолук узак жана жашартуучу таасири дагы күчтүү болот.

Термаж, SMAS-лифтинг - беттин терисин аппарат менен тарттыруу. Процедура оорутпайт жана атайын даярдыкты талап кылбайт.

Плазмолифтинг - веноздук кандан центрифугалоо жолу менен алынган, өздүк плазмасынын иньекциясы. 

Мезотерапия - гиалурон кислотасы менен С витаминдердин иньекциясы. 

Сиз косметологго эмне жасатканы барасыз?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт