Түгөйүңүздүн идеалдуу болушун күтпөңүз. Пайдалуу 10 кеңеш
2023.02.24, 20:49
3600
Салам, достор! Бул ирет сиздерге адистер сунуштаган сүйүү мамилеси тууралуу он кеңеш менен бөлүшөбүз. Өзүңүздүн сунушту комментарийге жазсаңыз болот.
- Сүйүү - өзүңдүн үстүңдөн талыкпай эмгектенүү.
- Өнөктөштүн идеалдуу болушун күтпөгүлө жана аны өзгөртүүгө аракет кылбагыла.
- Бири-бириңерди сыйлагыла, ишене билгиле.
- Романтика жана силерди байланыштырган майда нерселерди унутпагыла.
- Сезимди сөз жана иш менен билдиргиле.
- Өнөктөштүн алдында алсыз болуудан тартынбагыла.
- Өнөктөштү кандай болсо ошол бойдон кабыл алып, аны өзүңөргө ыңгайлуу кылууга аракет кылбагыла.
- Мамиледе кыйынчылык болооруна даяр тургула, бирок бири-бириңер үчүн күрөшө билгиле.
- Өзүңдү жана мамиледеги кызыкчылыктарды унутпагыла.
- Сүйүү бир гана сезимдер эмес, түгөйгө болгон жоопкерчилик жана бактылуулук.
Бул кеңештерге кошуласызбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.