// //

Жүрөгү түшүп коркуп калса балалуу боло албай калабы? Адис жооп берет

2023.02.20, 16:40
2621

Турмушка чыкканыма эки ай болду. Бир жыл мурун жол кырсыгына кабылгам. "Жүрөгүң түшүп калды" деп жүрөгүмдү көтөрткөнбүз. Азыр кичине эле бир несе болсо чоочуй берем. Жүрөгү түшсө боюнда болбойт деп уктум. Ошондо менин боюмда болбойбу? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.02.2023, 16:42

Гүлзина Мадраимова

Акушер-гинеколог

Саламатсызбы! Чоң стресске кабылыпсыз. Стресс дагы кош бойлуулуктун болбосуна кандайдыр бир таасирин тийгизет. Анан балалуу боло албай каламбы деп, жолдошуңуз менен биргеликте бир жыл жашап кош бойлуу болбой калсаңыз корксоңуз болот. Бирок азыртан ойлонуп алдын ала баштаганыңыз абдан жакшы. Сизге эмчинин жардамынан башка психологдун жардамы керек. Жолдошуңу менен биргеликте дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп коюуну сунуштайм.

Бактылуу болуңуздар!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт