// //

Үй-бүлөлүү эркекти жакшы көрөм. Андан кантип баш тартсам болот?

2023.02.19, 14:16
6911

Саламатсызбы! Мен үй-бүлөлүү эркекти жакшы көрөм. Жакшы эле мамилени токтотоюн дейм, бирок күчүм жетпейт. Кантип баш тартсам болот? Кеңешиңиздерге муктажмын. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.02.2023, 14:19

Айдана Мадишова 

Психолог 

Саламатсызбы!
Үй-бүлөлүү эркек менен мамиле куруу бул бир гана сүйүү эмес. Бул жерде канааттандырылбаган көп муктаждыктар бар. Эгер азыр өзүңүздү зордоп, унутууга аракет кылсаңыз, бир топ убакыттан кийин башка үй-бүлөлүү эркек чыгышы мүмкүн. Ошондуктан себебин таап, ошол себеби менен иштөө керек. Кандай себеп деп турсаңыз, өзүңүзгө суроо берип көрүңүз. Мен андан эмнени күтөм, деген суроо кандай муктаждыктар болуп жатканын билүүгө көмөктөшөт. 

Албетте, сизге психологдун жардамы да керек болот. Сизге ийгилик каалаймын. 🌸

Психолог Айдана Мадишова менен @madishova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт