// //

Кайын энемдин атындагы үйгө ремонт жасасак алып коебу?

2023.02.13, 11:54
3912

Саламатсызбы! Биз жашап жаткан үй кайын энемдин атында. Бизге "дарственный" кылып берген. Күйөөмө дагы катталган эмес. Эми ага ремонт жасасак алып коет деп ойлойм. Ушундай болушу мүмкүнбү? Кантип өзүбүзгө алсак болот? 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.02.2023, 11:55

Нурислам Раимжанов

Юрист

Урматтуу окурман! Үй кимдин атына катталган болсо, ошол адамдын мүлкү болуп эсептелет. Сиздин учурда мыйзам боюнча ал кайын энеңиздики. Анын макулдугу жок, өзүңөргө өткөрө албайсыңар. Бизде тилекке каршы ушундай, кайын-журтуна же туугандарына каттап коюшат. Анан бөлүштүрүүгө келгенде кыйналышат. Андыктан, менин айтарым, өз мүлкүңөрдү өзүңөргө гана каттап жүргүлө. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт