// //

Күйөөм 2 жылдан бери көзүмө чөп салып жүрүптүр. Эми кантем?

2023.02.11, 18:26
7490

Жолдошум 2 жылдан бери көзүмө чөп салып жүрүптүр. Мен ага аябай ишенчим, бийик көрчүм, эми кантип жашашты билбей жатам. Ортодо кызыбыз бар. Педофилдер толгон заманда анын келечегинен корком, бирок баарысын унутуп жашай албасыма көзүм жетип турат. Эмне кылсам? Өлгүм эле келип жүрөт. Күйөөм барып жүргөн аял, анын үй-бүлөсү бар экенин билчү экен.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.02.2023, 18:29

Айдана Мадишова 

Психолог 

Саламатсызбы! Тилекке карышы биз ишенген баардык адамдар биздин ишеничибизди актай албайт. Сиздин сезимдериңизди түшүнүп турам. Жолдошуңа болгон ишенимди жоготуу оңой эмес. Бул оор окуяны кабыл алуу үчүн жоготуунун беш баскычын басып өтүүңүз керек (отрицание, гнев, торг, дерессия, принятие). Андан соң жашооңузду жаңы ой максаттар менен уланта аласыз.

Ал эми, өлүм, кызыңыз жөнүндөгү ойлор аябай терең экен. Мындай ойлорго кат аркылуу жооп берүү кыйын болот. Ошондуктан психологиялык кеңеш алып көрүңүз. 

Психолог Айдана Мадишова менен @madishova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт