// //

Күйөөңдүн "измена" кылып жүргөнүн кантип билсе болот?

2023.02.08, 12:39
6024

Саламатсызбы! Күйөөңдүн көзүңө чөп салып жүргөнүн кантип билсе болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
08.02.2023, 12:42

Айдана Мадишова

Психолог

Саламатсызбы! Эгер жолдошуңуздан шектенип жүрө берсеңиз күмөнүңүз күчөй берет. Андан көрө ачык эле “мен шектенип жатам” деп сурап көрүңүз.
Анан эмнеге сизге мындай ой келип жатат, жооп издеңиз. Мүмкүн жалгыздыктан, күнүмдүк турмуштан тажап жатасыз. 

Билесизби, адамдын фантазиясы аябай күчтүү. Эгер өз алдынча ойлонуп олтура берсеңиз көп нерсени ойлоп табасыз. Ошондуктан оюңузду көзөмөлдөгөнгө, башка жакка бурууга аракет кылыңыз. 

Психолог Айдана Мадишова менен @madishova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт