Сүйлөшкөн кызым мени акча үчүн эле жакшы көрөт экен. Эмне кылсам болот?
2023.02.03, 15:09
3970
Сүйлөшүп жүргөн кызым мени акча үчүн эле жакшы көрөт экен. Эмне кылсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.02.2023, 15:13
Зарина Усупова
Психолог
Сиз ал кызды жакшы көрөсүзбү? Бул нерсени ал кызыңыз өзү айттыбы, же кандайдыр бир өзүңүздүн чечим болуп жатабы? Ачык айкын болуш үчүн өзүнөн сурап көрүү зарыл: сизге болгон жакшы көрүү сезими бар бекен, же акча үчүн эле жүрөбү, эгер сиз айткандай акча үчүн гана жүрсө, бул нерсеге көз жума аласызбы? Түгөйлөр бири-бирин сүйүп, жакшы көрүү сезими менен жашаганда гана бактылуу болуп, жашоодогу көп тоскоолдуктарга жакшы туруштук бере алышат.
Психолог Зарина Усупова менен инстаграмдан @Zarinausupova.psy баракчасы аркылуу байланыша аласыз.
0
Пайдалуу жооп