Сиңдим 7 жолу таблетка аркылуу боюнан түшүрүптүр. Эми төрөбөй калабы?
Саламатсызбы! Сиңдим 7 жолу таблетка аркылуу боюнан түшүрүптүр, 7инчисинде кан көп кетип калыптыр. Врачка да барбаптыр. Азыр ден соолугу жакшы. Айызы өз убагында келет. 8 айдан бери боюнда болбой жатат. Эми төрөбөй калабы?
Элнура Таштемирова
Акушер-гинеколог
Саламатчылык!
Жети жолу медициналык аборт жасоо, айымдын ден соолугу үчүн абдан кооптуу. Аборттон кийин кан кетүү коркунучу жогору. Бойдон түшүрүү "осложнения" бериши мүмкүн, анан дагы тукумсуздук же жатын көйгөйлөрү менен коштолушу ыктымал. Бирок, айымдын ден соолугун текшерүүдөн өткөрүп, дарылап, анан пландоого аракет жасап көрсө болот.
Көпчүлүк айымдар жаш кыздар сактануу жолун билишпейт жана арты-артынан бойго бүтүрөт. Аял өз организмине доо кетирбоо үчүн сактануу ыкмаларын колдонушу керек, бул каалабаган кош бойлуулукту жана жугуштуу ооруларды алдын алат.
Гинеколог менен инстаграмдан @tashtemirova_elnura баракчасы аркылуу байланыша аласыз.