Кыл кыякчы болом дегендерге Гулнара Сыдыкбековадан кеңеш
Салам, достор! “Даңк” орденинин ээси, Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде 37 жылдан бери эмгектенип келаткан өзгөчө талант Гулнара Сыдыкбекова кыл кыякчы болом деге жаштарга кеңеш берди.
Сезимтал болуңуз
Кыл кыяк адамдын жан дүйнөсүн ойгото турган өзгөчө аспап. Ошондуктан, кыл кыякчы өтө сезимтал болуш керек. Кыл кыякты сүйбөсөңүз, эч качан аны үйрөнө албайсыз. Аны жан дүйнөңүз менен сезип, сүйүп, жакшы көргөндө гана үйрөнө аласыз.
Чыдамкай болуңуз
Кыл кыякка чейин комузда ойноп келгем. Алгач кыл кыякты колума алганда кылдары ушундай катуу экен. Чынын айтайын, башында чыдай албай ыйлаган күндөрүм болду. Эми кантип ойнойм деп өзүмдү жеридим. Мага чыдамкайлык сапатым жардам берди. Бара-бара бул аспап мага жага баштады, мен аны сезе баштадым. Агайымдын "алты деген баа болсо, ошону сага коет" элем деген сөзүн угуу мен үчүн сыймык болду.
Көп убакыт машыгыңыз
Эч бир нерсе заматта боло койбойт. Кыл кыякчы болгуңуз келсе, көп машыгууга даяр болуңуз. Кыл кыякта дүйнөлүк классикаларды ойносо болот. Убакыттын баары машыгууга кетет. Жылдар, көп эмгектер талап кылынат. Бирок, акыр аягы мээнетиңдин акыбтеи кайтат. Болгону машыга бериш керек.
Кыл кыякчы болом деген жаштарга, максатынын орундалышын каалайм!