// //

Түрк жараны авиабилетке акча алып, билетти бербей жатат. Эмне кылам?

2023.01.26, 10:55
1807

Түркиядан түрк жараны авиабилетке акчамды алып, билетти бербей алдап жатат. Полицияга берсем дагы эч жылыш жок. Бир ай болду ала албай жатам. Кантип ал адамдан акчамды алам?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
26.01.2023, 10:59

Нурислам Раимжанов

Юрист

Урматтуу окурман! КРнын Конститутциясына ылайык, Кыргыз Республикасы өз жарандарынын укугун өлкө ичинде гана эмес, сыртында дагы коргошу керек. Демек, сиз бул боюнча Түркиядагы консулдук мекемелерге кайрыла аласыз. Ал жактагы полиция арыз жазганыңызга карабастан эч кандай чара көрбөй жаткан болсо, алардын үстүнөн прокуратура органдарына даттана аласыз. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт